Өзбекстан менен Азербайжандын президенттери Кыргызстанга келет

Саясат Жүктөлүүдө... 30 Июль 2026 09:10
WhatsApp Image 2026-07-30 at 06.13.26.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 30.07.26. /Кабар/. Бүгүн Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёев жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келиши күтүлүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, буга байланыштуу бүгүндөн тарта 1-августка чейин "Тамчы" эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабылып турат.

Алагөзов белгилегендей, мындан сырткары Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолугушуусу да дал ушул күндөргө мерчемделген.

"Мындан улам, убактылуу ыңгайсыздык жаралгандыгы үчүн алдын ала кечирим сурайбыз. Өлкөбүздүн тышкы алакаларды бекемдөөдөгү иш-аракеттери үчүн убактылуу ыңгайсыздыктарды туура түшүнүү менен кабыл алышыңыздарды өтүнөм", - деп жазды президенттин басма сөз катчысы.