Заманбап лабораториялар жана адистер — баңгизатка каршы күрөшүүнүн негизги күчү

Коом Загрузка... 10 Ноябрь 2025 17:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Наркомания жана баңгизаттарга каршы күрөшүү учурдагы эң олуттуу маселелердин бири. Бул көйгөйдү чечүүдө укуктук жана социалдык чаралар менен катар, илимий изилдөөлөргө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Наркология жаатында иш алып барган адистер, химиктер жана биологдор жаңы психоактивдүү заттарды аныктап, алардын курамын изилдеп, дарылоонун натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгууда чоң роль ойношот.

наркотик 5.jpg

Бул багытта заманбап лабораториялардын ролу өзгөчө. Алар жаңы синтетикалык заттарды ыкчам аныктап, алардын адамдын мээси менен организмине тийгизген таасирин терең изилдейт. Жыйынтыгында жаңы диагностикалык жана реабилитациялык ыкмалар иштелип чыгууда.

наркотик 4.jpg

ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын башчысынын орун басары Дамира Мамырованын айтымында, наркология жана баңгизаттарды көзөмөлдөө тармагында илимий-изилдөө базасын өнүктүрүү бүгүнкү күндө баңгизаттар менен психоактивдүү заттарга каршы күрөшүүнүн негизги жана маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.

“Аталган процессте адистештирилген лабораториялар өзгөчө мааниге ээ. Дал ушул лабораторияларда жаңы, анын ичинде синтетикалык жана адатта изилденбеген психоактивдүү заттар аныкталат. Бул учурдагы баңгизаттык кырдаалга ыкчам жооп кайтарууга, мыйзамдык жана алдын алуу иштерин жаңыртууга, ошондой эле заманбап диагностика жана соттук экспертизанын ыкмаларын иштеп чыгууга жол ачат.

наркотик 3.jpg

Мындан сырткары, баңгизаттарды изилдөө багытындагы илимий иштер натыйжалуу дарылоо ыкмаларын иштеп чыгууга өбөлгө түзөт. Бул жаатта чет өлкөлөрдүн тажрыйбасы өтө баалуу болуп саналат. Айрыкча эксперттик кызматтар, медициналык мекемелер жана илимий борборлордун тыгыз кызматташтыгына негизделген мультидисциплинардык моделдер ийгиликтүү колдонулуп келет. Илимий-изилдөө инфраструктурасын бекемдөө жана эл аралык тажрыйбаларды колдонуу Кыргызстанда баңгизат коркунучуна каршы күрөштүн натыйжалуулугун арттыруунун маанилүү шарттарынын бири”, - деди ал.

Мамырова белгилегендей, айрыкча көңүл буруу керек болгон адистер химиктер, токсикологдор жана фармакологдор. Алар баңгизаттарынын жайылышына каршы күрөшүүдө негизги ролду ойношот.

Бул адистер төмөнкү иштерди алып барышат:

- жаңы психоактивдүү заттарды талдоо;

- алардын химиялык формулаларын аныктоо;

- жаңы психоактивдүү заттарды аныктоонун ыкмаларын иштеп чыгуу.

“Заманбап, так приборлор - хроматографтар, масс-спектрометрлер, инфракызыл анализаторлор менен жабдылган лабораториялар заттарды өтө кичинекей дозаларда да ылдам жана так аныктоого мүмкүнчүлүк берет”,-деди ал.

наркотик.jpg

Саясий илимдердин доктору Токон Мамытов баңгизаттар менен психоактивдүү заттарга каршы күрөшүүдө чет элдик тажрыйбаларды колдонуу өзгөчө мааниге ээ экенин айтат.

“Бул жаатта чет мамлекеттердин ийгиликтүү тажрыйбасын өздөштүрүү маанилүү. Айрым өлкөлөрдө илимий-изилдөө борборлорунун эффективдүү иши наркомания менен күрөшүүдө чоң жетишкендиктерге алып келип жатат. Кыргызстан да дал ушундай комплекстүү, илимий негизделген мамилеге өтүүдө. Бүгүнкү күндө бул тармакта иш алып барган химиктердин жана башка окумуштуулардын ишмердүүлүгүн колдоо баңгизаттар менен күрөшүүнүн келечектүү жолдорунун бири.
наркотик 7.jpg

Алсак, Португалиянын “Саламаттыкка багытталган декриминалдаштыруу” модели бир катар булактарда оң жыйынтыктарды көрсөткөн. Бул ыкма ЖИК (жыныстык жол менен жугуучу илдеттер), ВИЧ жана ашыкча дозадан улам каза болуу учурларын олуттуу кыскарткан. Анын маңызы кылмыштык жүктү азайтып, адамдардын дарыланууга жеткиликтүүлүгүн жогорулатууда. Ошондой эле Швейцария жана Германиядагы клиникалык көзөмөлдөгү героин терапиясы жана түрмөлөрдө ийне алмаштыруу программалары да маанилүү”,-деди ал.

Мындан тышкары, албаңги заттарынын курамы тездик менен өзгөрүп жатканын айтып өттү.

“Наркотикалык каражаттар көп учурда ар кандай аралашмалардан турат, бул болсо стандарттык тесттер менен аныктоону татаалдаштырат. Маселен, налоксон дарысы опиоиддик бөлүгүн гана нейтралдаштыра алат. Ошондуктан, лабораториялык мүмкүнчүлүктөрдү жана жабдууларды заманбап талаптарга ылайык дайыма жаңылап туруу, жаңы молекулаларды тез аныктоо үчүн адистерди үзгүлтүксүз даярдоо зарыл”, - деп белгиледи Токон Мамытов.