ЮНЕСКО VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына колдоо көрсөтөт

Көчмөндөр оюндары-2026 Загрузка... 28 Февраль 2026 16:35
1.jpeg
copyright icon ТИМ

Бишкек, 28.02.26. /Кабар/. ЮНЕСКОнун башкы директору Халед аль-Анани 2026-жылдын 30-августунан 6-сентябрына чейин өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына патронаж көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алды.

ТИМден билдиришкендей, бул чечим Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгынын жана Кыргызстандын Париж шаарындагы ЮНЕСКОдогу Туруктуу өкүлчүлүгүнүн биргелешкен ишинин натыйжасында кабыл алынды.

Жакында ЮНЕСКОнун башкы директору менен болгон жолугушууда Кыргызстандын ЮНЕСКОдогу Туруктуу өкүлү Садык Шер-Нияз КР өкмөтүнүн алдыдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына ЮНЕСКОнун патронажын берүү тууралуу кайрылуусун жеткирди.

Патронаждын берилиши Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салттуу спорт түрлөрүн жана оюндарды сактоого жана илгерилетүүгө, ошондой эле материалдык эмес маданий мурастын ажырагыс бөлүгү катары өнүктүрүүгө багытталган маанилүү эл аралык демилге экенин эл аралык деңгээлде таанууну тастыктайт.

"Бул эл аралык катышууну кеңейтүүгө жана Кыргызстандын маданий мурасын дүйнөлүк деңгээлде мындан ары да илгерилетүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", - деп айтылат маалыматта.