Ташкент, 06.11.25. /Кабар/. ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 43-сессиясында 15-декабрды Түрк тилдеринин дүйнөлүк күнү катары белгилөө демилгеси бир добуштан колдоого алынды, деп маалымдайт Дунё агенттиги.
Бул сунушту Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан өлкөлөрү ЮНЕСКОнун дагы 26 мүчө-мамлекети менен биргеликте көтөрүшкөн.
Бул күндүн 15-декабрга туура келиши да жөн жерден эмес. Анткени дал ушул күнү, 1893-жылы даниялык окумуштуу Вильгельм Томсен Орхон жазууларындагы байыркы түрк алиппесин чечмелегенин жарыялаган. Бул окуя түрк элдеринин тарыхы менен маданиятынын терең тамырын айкын көрсөткөн улуу илимий ачылыш катары бааланат.
ЮНЕСКОнун чечиминде белгиленгендей, түрк тилдеринде бүгүн дүйнө боюнча 200 миллиондон ашуун адам сүйлөйт. Түрк тилдеринин дүйнөлүк күнүн белгилөө — тилдик жана маданий мурастарды сактоого, түрк элдеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана руханий баалуулуктарды келечек муундарга жеткирүүгө багытталган маанилүү кадам.
4-ноябрда Самарканд шаарында Түрк маданияты жана мурасы фондунун атайын иш-чарасы өтүп, анда түрк тилдеринин дүйнөлүк күнү демилгесине жана түрк элдеринин орток маданий мурасына арналган долбоорлор тааныштырылды.
Фонддун президенти Актоты Раимкулова билдиргендей, бул демилге үстүнөн алты жылдан ашык убакыт иш жүргүзүлгөн.
«Бизди тил, тарых жана маданият бириктирет. 15-декабрды Түрк тилдеринин дүйнөлүк күнү деп жарыялоо — биздин биримдикти жана орток мурасты дүйнөгө таанытуу символу», — деди ал.
Иш-чаранын алкагында түрк элдеринин фольклордук мурастарын чагылдырган антологиянын биринчи тому сунушталып, долбоор кийинки жылдары да улантылары белгиленди.
Серепчилердин баамында, ЮНЕСКОнун бул чечими түрк дүйнөсүнүн маданий жана тилдик биримдигин эл аралык деңгээлде тааныган жаңы тарыхый окуя болуп, түрк мамлекеттеринин гуманитардык кызматташтыгын жана маданияттар аралык диалогун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.