Ысык-Көлгө 10 миллиондон ашуун көчөт отургузуу үчүн $180 млн тартуу пландалууда

Министрлер кабинети Загрузка... 08 Апрель 2025 17:55
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous

Бишкек, 08.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун “жашыл экономиканы” өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандын аймактарында биринчи жолу көчөттөрдү отургузуу жана көмүр кычкыл газынын исин азайтуу боюнча масштабдуу долбоор ишке кирүүдө.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев британиялык “Valor Carbon” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, анда Ысык-Көл облусунда 25 миң гектар жерге 10 миллиондон ашык көчөт отургузуу үчүн климаттык каржылоого 180 миллион долларга чейин тартуу долбоору сунушталды.

“Кыргызстан туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрөнү коргоо принциптерин илгерилетүү боюнча алдыңкы катарда болууга умтулууда. Президенттин тапшырмасы менен биз экономикабызды чыңдоочу жана ошол эле учурда экологияга кам көрүүчү долбоорлорго эл аралык инвестицияларды активдүү тартуудабыз”, - деди Адылбек Касымалиев.

Долбоор Кыргызстанга эл аралык “жашыл” каржылоо рынокторуна чыгууга мүмкүндүк берүүчү көмүртек кредиттерин түзүүнү карайт. “Valor Carbon” компаниясынын өкүлдөрү бул долбоордун ишке ашырылышы аймактагы мындай масштабдагы биринчи демилге болуп калаарын жана заманбап технологияларды жана туруктуу өнүгүү стандарттарын колдонуу менен транспорт, кайра иштетүү, коомдук тамактануу, балчылык жана туризм сыяктуу тармактарды өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын белгилешти.

Тараптар долбоорду тез арада ишке ашыруу жана кызматташуунун жаңы багыттарын аныктоо үчүн тыгыз диалогду улантуу ниетин билдиришти.

Маалымат үчүн: Valor Carbon – бул Улуу Британияда жайгашкан компания, климатты каржылоо, туруктуу өнүгүү чечимдерин иштеп чыгуу жана аз көмүртектүү экономикага өтүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу долбоорлоруна адистешкен.