Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Европа биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, Европа комиссиясынын коопсуздук боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Питер Соренсен менен жолугушту.
Талкуунун негизги темасы Кыргызстандын авиакомпанияларын ЕБнын авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгаруу маселеси болду.
Питер Соренсен Кыргызстандын авиация тармагындагы ийгиликтерине жогору баа берди. Ал мыйзам чыгаруу жаатында жана ченемдик базаны өркүндөтүүдө жасалган олуттуу кадамдарды кубаттап, европалык тараптын бул мөөнөттө жетишилген натыйжаларга таасирленгенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстандын өкмөтү тарабынан авиация тармагын колдоо деңгээли чындап эле таасирдүү.
Ошондой эле Соренсен Жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостонов менен активдүү жана жемиштүү байланышта экенин ырастап, мындан ары да кесиптик талкууга даяр экенин билдирди. Еврокомиссиянын өкүлү учурдагы сапар баалоонун ачык процессинин маанилүү бөлүгү болуп саналат жана акыркы чечим 2026-жылдын май айында ЕБнын тиешелүү комитетинин жыйынында кабыл алынарын кошумчалады.