Бишкек, 25.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Европа биримдигинин авиациялык коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы, Европа комиссиясынын коопсуздук боюнча бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Питер Соренсен менен жолукту.
Талкуунун негизги темасы Кыргызстандын авиакомпанияларын ЕБнын авиациялык коопсуздук тизмесинен чыгаруу маселеси болду. Жолугушууга Европа биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Реми Дюфло да катышты.
Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Питер Соренсендин сапары өлкө үчүн принципиалдуу мааниге ээ экенин баса белгиледи.
"Биз Европа биримдиги менен өз ара аракеттенүүнү артыкчылыктуу багыт катары карайбыз жана европалык институттардын авиациялык коопсуздук маселелерине болгон профессионалдык мамилесин жогору баалайбыз", - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Жарандык авиация мамлекеттик агенттигин түзүү жөнүндөгү чечиминин аркасында тармактагы абал түп-тамырынан бери өзгөргөндүгү баса белгиленди.
"Бул мамлекеттик жөнгө салуунун заманбап системасын курууга, көзөмөлдү күчөтүүгө жана ИКАОнун дүйнөлүк стандарттарын киргизүүнү камсыздоого мүмкүндүк берди",-деди ал.
Ошондой эле ал жүргүзүлгөн реформалардын конкреттүү натыйжалары жөнүндө айтып берди.
"Жүргүнчүлөрдүн агымы 2021-жылы 3,9 миллион адамдан 2025-жылы 6 миллиондон ашык адамга чейин көбөйдү, рейстердин саны 34 миңден 52 миңге чейин көбөйдү (өсүш 53%), өлкөнүн бардык 11 аэропортунун иши калыбына келтирилип, модернизацияланды. Узак аралыкка каттамдарды баштоо боюнча пландарыбыз иш жүзүнө ашты. Менчикке Airbus A321 үлгүсүндөгү эки учак алынды, ал эми 2030-жылга чейин лизинг шартында дагы 10 аба кемесин жеткирүү пландалууда", — деп билдирди минкаб башчысы.
Ошондой эле ал реформалардын системалуулугу эл аралык аудиттин маалыматтары менен тастыкталып жатканын белгиледи. Анын айтымында, ИКАОнун линиясы боюнча Кыргызстанда стандарттарды натыйжалуу киргизүү деңгээли 85,76%га жетти.
Өз кезегинде Питер Соренсен көрүнгөн ийгиликке жогорку канааттануусун билдирди. Ал мыйзам чыгаруу жаатында жана ченемдик базаны өркүндөтүүдө жасалган олуттуу кадамдарды кубаттап, европалык тараптын бул мөөнөттө жетишилген натыйжаларга таасирленгенин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстандын өкмөтү тарабынан авиация тармагын колдоо деңгээли чындап эле таасирдүү.
Соренсен Жарандык авиация агенттигинин директору Данияр Бостонов менен активдүү жана жемиштүү байланышта экенин ырастап, мындан ары да кесиптик талкууга даяр экенин билдирди. Еврокомиссиянын өкүлү учурдагы сапар баалоонун ачык процессинин маанилүү бөлүгү болуп саналат жана акыркы чечим 2026-жылдын май айында ЕБнын тиешелүү комитетинин жыйынында кабыл алынарын кошумчалады.
Жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, Адылбек Касымалиев Кыргызстан тармактын мыйзамдык жана институционалдык базасын иш жүзүндө бекемдөөнү улантарын ырастады.
"Бул маселе биз үчүн сөзсүз артыкчылыктуу болуп саналат. ЕБ тарабынан оң чечим кабыл алынышы авиациянын жана өлкөбүздүн экономикасынын өнүгүшү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп ишенем", - деп жыйынтыктады министрлер кабинетинин башчысы.