Ысык-Көлдүн жээгинде 155 гектарга жакын аймак тазаланды

Аймак 21 август 2025 10:19
WhatsApp Image 2025-08-21 at 09.46.12 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-21 at 09.46.12.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-21 at 09.46.11.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-08-21 at 09.46.12 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-21 at 09.46.12.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-21 at 09.46.11.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 21.08.25 /Кабар/. Ысык-Көлдүн жээгинде 155 гектарга жакын аймак тазаланды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун Ысык-Көл облусунда жалпы облустук ишембилик өттү. Ишембиликке 253 мекеме жана уюмдардын 3 миңге жакын кызматкерлери катышып, көл жээгинин тазалыгына өз салымдарын кошушту.

Иш-чаранын жүрүшүндө көлдүн жээгиндеги болжол менен 155 гектар аймак таштандыдан тазаланды.

"Бул демилге Ысык-Көлдүн кооздугун жана экологиялык өзгөчөлүгүн сактоо максатында уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.