Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү жер талаштарын адилеттүү кароону тапшырды

Аймак
Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү жер талаштарын адилеттүү кароону тапшырды
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 14.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы жер тилкелерине байланышкан талаштарды ар тараптуу иликтеп, ак ниет сатып алуучулардын укугун коргоону прокуратура жана сот органдарына тапшырды.

Бул тууралуу мамлекет башчысынын Ысык-Көл районунун жана Балыкчы шаарынын тургундары менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду.

Жолугушууда Бостери айылынын тургуну Эрлан Эгембердиев 2016-жылы өнөктөшү жана дагы эки үй-бүлө менен биргеликте 23 сотых жер сатып алганын айтты. Кийин бул жерге төрт кабаттуу пансионат куруп, анда 20дан ашык адамды жумуш менен камсыз кылышкан. Бирок 2023-жылы прокуратура жер тилкелерине болгон укукту жокко чыгаруу боюнча сотко кайрылган.

Президент ар бир иштин жагдайын өзүнчө карап, жерди өз алдынча басып алуу менен мурда жеке менчикте болгон жерди мыйзамдуу сатып алуу фактыларын так ажыратуу зарылдыгын белгиледи.

Ал мыйзамдуу негиздери бар курулуштарды жол-жоболоштуруу маселесин карап чыгууну, ал эми мыйзамсыз ээлеп алынган жерлерди мамлекетке кайтаруу керектигин айтты.

Мамлекет башчысы курулушка каражат жумшаган ак ниет сатып алуучулар жабыркабашы керектигин белгилеп, прокуратура менен сот органдарын адилеттүү чечим чыгарууга чакырды.