Бишкек, 14.11.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Каракол шаарынын, Түп жана Ак-Суу райондорунун тургундары менен жолугушууда мурдагы милиция кызматкеринин арызын угуп, тиешелүү органдарга ишти адилеттүү кароону тапшырды.
Жолугушууда жаран Бишкекте Милициянын кайгуул кызматында иштеп жүргөндө кесиптеши менен биргеликте документтери жок унааларды аныктоо боюнча рейд жүргүзүп жаткан учурда болгон окуя тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, рейд учурунда токтотулган унаа айып короосуна жеткирилип, бирок кандайдыр бир себептер менен кесиптеши унааны кое берип жиберет. Кийин бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ал кесиптеши менен тергөөгө чакырылып жүргөн. Бирок кийин кесиптеши тергөөчө чакырылбай, өзү үч айга камалганын билдирди. Ал кесиптешинин Башкы прокуратурадагы тааныштарынын жардамы менен жоопкерчиликтен кутулганын айтып, өзүнө карата адилетсиз мамиле болгонун белгиледи.
Буга байланыштуу жаран ишти кайра карап, мыйзамдуу чечим чыгарууга көмөк көрсөтүүнү өтүндү.
Президент тиешелүү органдарга окуяны ар тараптуу териштирип, кызматтык байланыштарга карабастан мыйзам чегинде адилеттүү чечим кабыл алууну тапшырды.
Ошондой эле ИИМдин өкүлүнө аталган кызматкердин аракеттерине укуктук баа берүүнү, ал эми прокуратурага ишти Аскер прокуратурасына өткөрүп, териштирүүнү уюштурууну тапшырды. Соттук кароонун жүрүшүнө да көзөмөл жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.