45 млн сом жумшалган: Ысык-Көлдө ишкердин көйгөйү чечилмей болду

Аймак
45 млн сом жумшалган: Ысык-Көлдө ишкердин көйгөйү чечилмей болду
copyright icon Кабар

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 14.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жети-Өгүздө пансионат курууну пландаган ишкердин маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү тапшырды. Бул маселе мамлекет башчынын Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун тургундары менен жолугушуусунда көтөрүлдү.

Жеке ишкер Таалайбек Тилебалдиев көл жээгинен эко-капсулалар жана виллалардан турган заманбап пансионат курууну баштаганын билдирди. Анын айтымында, жер тилкелерин 8-9 жыл аралыгында сатып алып, жалпы 45 млн сомго жакын каражат жумшаган. Жерге тиешелүү документтери болгонуна карабастан, курулуш кирпич заводунун коргоо тилкесине кирип калганы айтылып, токтотулган. Бул маселе жалпы 34 жер тилкесине тиешелүү экенин белгиледи.

Президент курулуш министри Нурдан Орунтаевге кайрылып, ишкердин маселесин чечип берүүнү тапшырды.

Өз кезегинде министр мындай жагдайлар боюнча кайрылган жарандарга борбордук аппараттын буйругу менен тиешелүү актылар берилип жатканын айтып, ишкерди жолугушуудан кийин өзүнө кайрылууга чакырды. Министр маселе чечилип берилерин билдирди.