Ак-Сууда өнөр жай өндүрүшү өсүп, жаңы ишканалар ачылды

Аймак
Ак-Сууда өнөр жай өндүрүшү өсүп, жаңы ишканалар ачылды
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.11.26. /Кабар/. Ак-Суу районунда акыркы беш жылда инвестициялардын көлөмү жана өнөр жай өндүрүшү кыйла өскөн.

Бул тууралуу бүгүн президент Садыр Жапаров Ак-Суу районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор, өнөр жай, айыл чарба жана туризм тармактарынын өнүгүшү, ошондой эле мындан аркы өнүгүү келечеги менен таанышуу учурунда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, жеке ишкерлердин саны дээрлик 40%га көбөйүп, жаңы өндүрүш ишканалары ачылган.