Жер талаш: Ар бир облуска мамлекеттик жактоочулар дайындалат

Коом
copyright icon Кабар

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 02.11.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Талас облусунун тургундары менен жолугушууда жер талаш маселелерин чечүү жана калкка акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Жолугушууда Талас шаарынын тургуну 1982-жылы апасы сатып алган 8 сотых жер тилкесинин 3 сотыхы белгисиз жагдайда башка адамга сатылып кеткенин айтып, маселени чечүүгө жардам сурады.

Анын айтымында, бул көйгөй 10 жылдан бери чечилбей келет.

Мамлекет башчысы 20-30 жылдан бери чечилбей жаткан жер талаш маселелерин облустук деңгээлде тез арада карап чыгууну жергиликтүү бийликке, укук коргоо жана сот органдарына тапшырды. Ошондой эле жер тилкелерине документтерди мыйзамсыз берген жооптуу кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, президент ар бир облустук борбордо бирден акысыз мамлекеттик адвокат дайындоону сунуштап, алардын эмгек акысын мамлекеттин эсебинен каржылоо тапшырмасын берди. Бул аракеттин максаты каражаты жок жарандардын укугун коргоого жана юридикалык жардам алуусуна шарт түзүү болуп саналат.