Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде "Салбуурун"фестивалы өтөт

Маданият Загрузка... 17 Июль 2026 17:15
227bb926-8a34-4ba3-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 17.07.26. /Кабар/. Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында 1-август күнү “Салбуурун” фестивалы өтөт. Бул тууралуу Салбуурун федерациясынан билдиришти.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, иш-чара маданий салттарды сактоого, аймактын туристтик мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүгө жана жергиликтүү жамааттарды колдоого багытталган.

Фестивалдын конокторуна кеңири программа сунушталат. Мисалы, иш-чаранын алкагында аңчы канаттуулар, тайган жана алабай иттери, кыргыз тукумундагы жылкылар, Арашан тукумундагы койлор, аңчылык олжолору жана жабдуулар, таш иштетүүчү усталардын буюмдары жана башка көп нерселер көрсөтүлөт.

Мындан тышкары, мыкты бүркүтчүлөр, ат үстүндө жаа аткан мергенчилер жана каскадерлор өз өнөрлөрүн тартуулашат.

Фестивалдын маанилүү бөлүктөрүнүн бири — улуттук күрөш күрөш, ат үстүндөгү күрөш - эр оодарыш, коноктор арасында жаа атуу боюнча мелдештер, бий жана ыр боюнча сынактар болуп, жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар тапшырылат. Ошондой эле аңчы канаттуулар, жылкылар, төөлөр жана топоздор менен фотосессия уюштурулат.

Ошондой эле көрүүчүлөр кыргыз эстрада ырчыларынын, барабанчылардын жана фольклордук топтордун катышуусундагы концерттик программага күбө боло алышат.