Ысык-Көлдүн түбүнөн кооптуу болгон темир конструкция чыгарылды

Коом 5 август 2025 12:30
WhatsApp Image 2025-08-05 at 10.18.08.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-05 at 10.18.08 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-05 at 10.18.07.jpeg
WhatsApp Image 2025-08-05 at 10.18.07 (3).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-05 at 10.18.07 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-08-05 at 10.18.07 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы

Бишкек, 05.08.25. /Кабар/. Ысык-Көлдө эс алуучулардын коопсуздугу үчүн көл түбүндөгү коркунучтуу темир конструкция чыгарылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул кооптуу объект — мурунку пирстин чатыры болуп, ал 2 жыл мурун катуу шамалдын кесепетинен суу астына түшүп кеткен.

Көл түбүндөгү темир конструкцияны кесипкөй суучул Кубанычбек уулу Бекжан видеого тартып, социалдык тармактарга жарыялаган. Аталган маалымат коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Жарандык жоопкерчилик көрсөткөн Бекжандын кайрылуусу Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилиги тарабынан көңүл борборуна алынып, 4-август күнү коопсуздукту камсыздоо максатында өзгөчө чара көрүлдү.