Кезектеги рейд: Ысык-Көлдөн тор жана таштандылар чыгарылды

Аймак 7 сентябрь 2026 15:35
Булак: Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги
WhatsApp_Image_Wqvmk0U.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_UMO5t4g.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_i53NlKy.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_HyYo4Yf.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_Epqi19l.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
WhatsApp_Image_hIl3GYp.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 07.09.26 /Кабар/. Ысык-Көлдүн акваториясынан мыйзамсыз балык уулоочу тор жана 25 кг таштанды чыгарылды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Пристань-Пржевальск шаарчасынын аймагындагы Ысык-Көлдүн акваториясында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө болжол менен 100 метр узундуктагы 1 даана эски кытай синтетикалык балык уулоочу тор жана болжол менен 20–25 кг ар кандай таштандылар чыгарылды.

Аталган иш-чара Ысык-Көлдүн экологиялык абалын сактоо, суу биоресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу максатында жүргүзүлдү.