Бишкек, 08.05.26. /Кабар/. Бүгүн, 8-майда суучулдар Түп булуңунан 1700 метр узундуктагы балык уулоочу эски торлорду чыгарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, суучулдар ӨКМдин "Мөлтүр" кемесине түнөп, көлдү тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.
Белгиленгендей, Ысык-Көл акыркы 4 жылдан бери таштанды жана балык уулоочу торлордон тазаланууда.