Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы спорттук мелдештер Ысык-Көл облусунда 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин беш негизги локацияда өтөт.
Оюндардын медиа штабынан билдиришкендей, мелдештер спорттун 42 түрү боюнча өткөрүлөт. Аларга Кыргызстандан жана чет өлкөлөрдөн келген спортчулар катышат.
Негизги спорттук мелдештер төмөндөгү даректерде уюштурулат:
Чолпон-Атадагы ипподром: улуттук ат чабыштар жана оюндардын жабылыш аземи өтөт.
“Көк бөрү” аренасы: көк бөрү, эр эңиш, тыйын эңмей жана көкпар боюнча мелдештер өтөт.
“Газпром” (Чолпон-Ата): улуттук күрөш түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.
Кырчын жайлоосу: ордо, узак аралыкка ат чабыш, күч спортунун түрлөрү жана салбуурундун ар кандай түрлөрү боюнча мелдештер өтөт.
“Евразия” мейманканасы: улуттук интеллектуалдык оюндар (тогуз коргоол, овари, мангала) боюнча мелдештер өтөт.