Бишкек, 02.06.26 /Кабар/. Ысык-Көл мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында заманбап "Ак Илбирс" илимий-изилдөө жана реабилитациялоо борборунун курулушу кызуу жүрүүдө. Борбордун жалпы аянты 1600 чарчы метрге жакын аймакты камтыйт.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, комплекстин курамына илимий-изилдөө лабораториясы, административдик жана ветеринардык блоктор, ошондой эле жапайы жаныбарлар үчүн атайын реабилитациялоо борбору кирет.
Курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын август айынын аягына чейин толугу менен бүтүрүү пландалууда. Бул борбор — Борбор Азияда илимий изилдөөлөрдү, ветеринардык ыкчам жардамды жана сейрек кездешүүчү, жоголуп кетүү коркунучундагы жаныбарлардын түрлөрүн реабилитациялоону бирдиктүү айкалыштырган алгачкы адистештирилген комплекс болуп калат.
Андан сырткары, борборду заманбап лабораториялык жабдуулар менен камсыздоо иштери да биргеликте жүрүп жатканы белгилүү болду. Улуттук илимдер академиясы, министрликтин профилдик бөлүмдөрү жана ветеринардык кызматтар менен биргеликте экологиялык мониторинг, ветеринардык диагностика, генетикалык изилдөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо программаларын илимий коштоо үчүн атайын техникалык тапшырма даярдалып, керектүү жабдуулардын тизмеси так аныкталды.