Бишкек, 27.11.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда шайлоо күнү миңден ашык милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Бүгүн облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов өздүк курамдын саптык бөлүштүрүүсүн өткөрүп, кызматтык милдеттерди аткарууда тактыкты жана тартипти сактоо боюнча атайын нускамаларды берди.
Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкү багыттар боюнча тапшырмалар берилди:
- коомдук тартипти жана коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыз кылуу;
- шайлоо маалында укук бузууларды жана кылмыштуулуктун алдын алуу;
- кызмат өтөөдө мыйзамды так сактоо жана өздүк курам арасында тартип бузууларга жол бербөө;
- жарандарга сылык мамиле жасоо, алардын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо.
Белгиленгендей, Ысык-Көлдө шайлоо процессинин коопсуз жана туруктуу өтүшүн камсыз кылуу үчүн бардык күч-каражаттар тартылды.
Буга чейин ИИМ жарандарды шайлоо өнөктүгү учурунда мыйзамды так сактоого чакырган.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт.