Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. 30-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт. Саясий өнөктүктү утурлай өлкө боюнча 2492 шайлоо тилкеси, чет мамлекеттерде 100 шайлоо тилкеси түзүлдү. Бүгүнкү күндө контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 4 млн 297 миң 40 адамды түзөт, анын 2 млн 82 миң 263ү (48,46%) эркектер жана 2 млн 214 миң 777си аялдар (51,54%). Шайлоочулардын кагаз түрүндөгү толук тизмелери 10-ноябрга чейин 2492 шайлоо тилкелеринде илинет.
Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышуу үчүн жалпы 467 талапкерди каттады, алардын 276 - эркектер, 191 – аялдар. Бүгүн, 10-ноябрдан тартып шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды.

Жаңы шайлоо системасы
30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо жаңы шайлоо системасынын негизинде өтөт. Бул тууралуу БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча 30 көп мандаттуу округ түзүлгөн. Ар бир округдан үчтөн депутат парламентке шайланып келет. Жалпысынан Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.
Аралыктан шайлоо
Бул шайлоодо аралыктан добуш берүү системасы колдонулат. Тынчтык Шайназаров белгилегендей, жарандардын шайлаганга конституциялык укугун камсыздоо максатында максималдуу түрдө шарттар түзүлдү.

Чет өлкөлөрдө 59 шайлоо тилкеси мурда ачылса, бул жолку шайлоодо тилкелердин саны 100гө жеткирилди. Мындан тышкары, өлкө боюнча кошумча шайлоо тилкелери аэропорттордо, базарларда, соода борборлорунда, Кара-Кече, Кумтөр, Жер-Үй кендеринде жана башка ири ишканаларда ачылат.
Админресурс
“Административдик ресурс жок десек болот. Себеби, мамлекет башчыбыз өткөн шайлоодо дагы, азыркы шайлоодо дагы кайрылуусунда айткан. Ошондуктан мамлекеттик кызматта иштегендер үгүт иштерине аралашпайт. Эгерде административдик ресурс колдонулган учурда сөзсүз түрдө чара көрүлөт. Ошондуктан админресурс эч бир жерде колдонулбайт”, - деди БШК төрагасы.
Үгүт иштери
Бүгүндөн тарта Кыргызстанда шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Конституциялык мыйзамга ылайык, шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн башталып, добуш берүүгө 24 саат калганда токтойт. Башкача айтканда, үгүт иштери 20 күнгө созулуп, 29-ноябрь күнү саат 8:00дө аяктайт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

“Талапкерлер жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет басылмалары, көрмө жана укма материалдарын таратуу менен дагы шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзсө болот. Бирок эң негизги талап – шайлоо алдындагы үгүт иштерин үгүтчүлөр, тиешелүү үгүт материалдарын даярдап чыгаруу менен жүргүзсө дагы бардыгы шайлоо фондунан каржыланышы керек. Шайлоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык, физикалык жана юридикалык тараптар талапкерге акысыз кызмат көрсөтүүгө укуксуз. Бүгүнкү күндө талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү үчүн 137 субъект Боршайкомдо катталды. Алардын ичинен интернет басылмалар – 40, калгандары телеканал, радио, гезиттер (басылма)”, - деди ал.
Бүгүнкү күндө БШКнын жана округдук шайлоо комиссиясынын алдында атайын жумушчу топтор иштеп жатат. Эксперттик топ социалдык тармактарда, ЖМКларда чыгып жаткан билдирүүлөрдү, кайрылууларды текшерип, иликтейт. Андан башка талапкерлер жана талапкерлердин өкүлдөрү дагы мыйзамдын талаптарын кыйып өтө турган учурлар болсо, БШКга кайрылышат.
“Бизге келип түшкөн 48 кайрылуу-билдирүүнүн тогузуна шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жол-жоболорун, алардын мөөнөттөрүн бузгандыгы боюнча физикалык жана юридикалык жактарга чаралар көрүлдү. 28 кайрылуу боюнча эскертүүлөр берилип, жарыяланган постторду, билдирүүлөрдү алып салуу боюнча милдеттендирүү болду. Калгандары БШКнын алдындагы ыкчам аракеттенүүчү координациялык тобу тарабынан каралып, тиешелүү корутундулар чыгарылды”, - деди Абдыжапар Бекматов.

Ошондой эле БШК мүчөсү мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматкерлер талапкер катары шайлоого аттанса, өзүнүн кызматын биротоло тапшырарын айтты. Ал эми мамлекеттик органдардын, мамлекеттик мекемелердин жана муниципалдык мекемелердин кызматкери талапкер болуп шайлоого барса, шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланганга чейин кызматын токтото турат, башкача айтканда эмгек өргүүгө чыгат деп белгиледи.