Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Президенттик шайлоодо бардык талапкерлерге бирдей шарт түзүлүп, аларга карата мамиле бирдей болушу керек. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаров бардык талапкерлер үчүн тең шарт түзүлүшү керектигин белгилеп келет. Бул багытта министрлер кабинетинин алдында республикалык штаб түзүлүп, анын иш планы бекитилген.
"Иш планга ылайык, бардык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкерлер үчүн бирдей шарттарды түзүү зарылдыгы айтылууда. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үгүт иштерине катышпашы керек. Бир талапкерге өзгөчө мамиле жасалбастан, бардыгына бирдей шарт түзүлүшү зарыл", – деди ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген.