Ысык-Көлдө Су-25 учагынан ок-дарылар түшүп кетти: Машыгуулар убактылуу токтотулду

Коом Загрузка... 02 Апрель 2026 10:40
1429315.1.1517469281.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Сары-Камыш айылынын жогорку бөлүгүнүн талаасына окуу-машыгуу учурунда Су-25 учагынан ок-дарылар түшүп кеткен. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учак Кант авиабазасынан учуп чыгып, окуу-машыгуу учууларын жүргүзүп жаткан.

"Күн мурун, 31-март күнү саат 17:25 чамасында Су-25 учагы окуу-машыгуу учууларын аткарып жаткан учурда күтүүсүз жагдай катталган. Учак үчүнчү бурулушту жасаган учурунда эки даана окуу-тажрыйбалык ок-дары кокустан түшүп кеткен", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, алар бош талаага түшүп, жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Окуядан кийин Россиянын Аскердик-аба күчтөрүнүн командачылыгы атайын комиссия түзүү чечимин кабыл алып, ал жакын арада Кыргызстанга келери күтүлүүдө. Ошондой эле Кыргызстандын коргоо министринин чечими менен окуу-машыгуу учуулары окуянын себептери такталганга чейин убактылуу токтотулду.

Учурда Кыргызстандын укук коргоо органдары тергөө иштерин жүргүзүп, Аскер прокуратурасы окуя боюнча текшерүү баштаганы маалым болду.