Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. 30-сентябрда Ысык-Көл облусундагы Курманжан датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда улуу ойчул жана тилчи Махмуд Кашгари Барсканинин өмүрүнө жана илимий мурасына арналган туруктуу экспозиция ачылат.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, экспозициянын негизги бөлүгү XI кылымда жазылган "Дивану лугат ат-түрк" эмгегине арналат. Анда түрк элдеринин тили, тарыхы, географиясы, этнографиясы жана маданияты тууралуу маалыматтар камтылган.
Экспозицияда жазма булактар, дүйнө картасы, археологиялык табылгалар жана мультимедиалык материалдар көрсөтүлөт. Ошондой эле Өзгөн музейинин фондунан Карахандар дооруна таандык түп нуска буюмдар коюлат.
Экспозиция Махмуд Кашгаринин мурасын жана анын өмүрү менен байланышкан Барскан аймагынын тарыхый-маданий маанисин кеңири таанытууга багытталган.