Бишкек, 26.03.25. /Кабар/. Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги «Тескей» геопаркында 8 уникалдуу куштарды байкоо маршруту иштелип чыкты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин сайтына жарыяланды.
Маалыматта айтылгандай, туруктуу туризмдин маанилүү багыттарынын бири куштарды байкоо же бёрдвотчинг деп аталып, бул түр биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого, экологиялык билим берүүгө жана Кыргызстанды экологиялык туруктуу туризм өлкөсү катары дүйнө жүзүнө таанытууга зор салымын кошот.
Белгилей кетсек, Кыргызстан өзүнүн уникалдуу табигый байлыгы менен Борбор Азиядагы туризмди өнүктүрүү боюнча алдыңкы орунда турат.