Ысык-Көлдө күн электр станциясын куруу боюнча жаңы келишим бекиди

Коом 2 декабрь 2025 15:32
593577793_841618888463088_7597382126287413855_n.jpg
593601154_841618781796432_2148890835263241665_n.jpg
593609407_841618815129762_8671987998410219820_n.jpg
594329927_841618761796434_3116187919197192324_n.jpg
Алдыга
Артка
593577793_841618888463088_7597382126287413855_n.jpg
593601154_841618781796432_2148890835263241665_n.jpg
593609407_841618815129762_8671987998410219820_n.jpg
594329927_841618761796434_3116187919197192324_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 02.12.25. /Кабар/. Күн мурун Ысык-Көлдө күн электр станциясын куруу боюнча кошумча макулдашууга кол коюлду. Бул туралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, инвестициялык макулдашуу министрлер кабинети, Sonningdale Limited жана "РЭЦА" ЖЧКсынын ортосунда түзүлдү.

Иш-чара энергетика министри Таалайбек Ибраев, инвестордун өкүлдөрүнүн жана "РЭЦА" компаниясынын жетекчилигинин катышуусунда өттү.

Кошумча макулдашууга кол коюу Ысык-Көл районунда күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруудагы маанилүү этап болуп саналат.

Документ - баштапкы инвестициялык макулдашуунун айрым жоболорун, анын ичинде тараптардын жоопкерчилигинин шарттарын, туруктуулуктун кепилдиктерин, мүмкүн болуучу тобокелдиктерди жөнгө салуу тартибин жана колдонуудагы укукту өзгөртүүнү тактоого жана өркүндөтүүгө багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар өлкөнүн кайра жаралуучу энергетика тармагын өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздукту бекемдөө жана чет өлкөлүк түз инвестицияларды тартуу үчүн анын стратегиялык маанисин баса белгилөө менен долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга өз милдеттенмелерин ырасташты.

Кошумча макулдашуу ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирди жана колдонуудагы Инвестициялык макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Маалымат үчүн: Азыркы учурда жумушчулар үчүн убактылуу турак-жай куруу иштери аяктоодо, подстанциянын пайдубалы жана 110 кВ электр берүү линиясы куюлууда, ошондой эле күн панелдери үчүн кронштейндер орнотулууда.