Бишкек, 11.11.25. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-ноябрда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн Ысык-көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +10... +15, Талас жергесинде +6... +11,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +11... +16 градус, Ысык-Көлдө +5... +10, Нарын облусунда +2... +7 градус болот.
Ал эми Бишкек шаарында абанын температурасы +10... +12 градус болуп, жылуу болот.