Ысык-Көл, 01.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында бүгүн “Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо борборунда гореш, кураш жана монгол бөх боюнча мелдештер өтүүдө.
Аталган спорттук таймаштарга дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн келген спортчулар катышып, улуттук күрөштүн түрлөрү боюнча күч сынашууда.
Мелдештердин жүрүшүндө спортчулар салмак категорияларына жараша килем үстүнө чыгып, жеңиш үчүн таймашууда.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы мелдештер 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунун бир катар спорттук аянтчаларында уланат.