Ысык-Көлдө браконьерликке каршы рейдде 500 метр тор алынды

Экология 3927 02 Февраль 2026 10:05
625357515_889597177026746_4484816611989493874_n.jpg
623440809_889597263693404_5282130363630660436_n.jpg
Алдыга
Артка
625357515_889597177026746_4484816611989493874_n.jpg
623440809_889597263693404_5282130363630660436_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 02.02.26. /Кабар/. Күн мурун Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан браконьерликке каршы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд учурунда Ысык-Көлдөн 500 метр эски синтетикалык балык уулоочу тор алынды.

Белгиленгендей, жыл башынан бери жалпы 3100 метр мыйзамсыз тор чыгарылды.