Соң-Көлдөн 500 метр мыйзамсыз салынган тор чыгарылды

Аймак
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Соң-Көлдө жүргүзүлгөн рейд учурунда суудан 500 метр эски синтетикалык тор чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейд Жумгал районунда коруктун кызматкерлери жана Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан өткөрүлгөн.

Иш-чара президенттин Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө өндүрүштүк балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндө жарлыгын аткаруу, суу биоресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу максатында уюштурулган.