Бишкек, 21.11.26 /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанар Акаевдин тапшырмасына ылайык, мэриянын Муниципалдык инспекциясы тарабынан 20-ноябрда шаар аймагындагы сулуулук салондорго жана ийне саюу бөлүмдөрүнө карата рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө шаардын Раимбеков көчөсүндө жайгашкан сулуулук салондордо мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Тактап айтканда, аталган жайларда медициналык калдыктар кадимки таштандыга ташталгандыгы жана калдыктарды жок кылуу боюнча атайын келишим түзүлбөгөндүгү белгилүү болду.
Мындан улам Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде административдик протокол түзүлүп, 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (23 миң сом) айып пул салынды.
Мэрия эскерткендей, медициналык калдыктарды кадимки таштандыга таштоого тыюу салынат. Алар атайын контейнерлерге чогултулуп, белгиленген тартипте зыянсыздандырылып, коопсуз жок кылынууга тийиш.