Бишкек, 21.08.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда 3-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Көчмөн цивилизациялары: мурастары, парадигмалары жана келечеги" аттуу эл аралык илимий конференция өтөт. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынан билдиришти.
Конференцияга окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана эксперттер катышып, көчмөн элдердин тарыхый жана маданий мурастарын, философиясын, салт-санаасын жана көчмөн цивилизацияларынын өнүгүүсүнүн заманбап аспектилерин талкуулашат.
Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Россия, Кытай, Азербайжан, Түркия, АКШ, Австрия, Өзбекстан, Түштүк Корея, Улуу Британия, Индия, Бельгия, Франция, Жаңы Зеландия, Япония, Сауд Арабиясы, Венгрия, Гана, Германия, Италия, Монголия, Нидерланддар, Пакистан, Польша, Словения, Швеция, Шри-Ланка жана Иран баштаган 30га жакын өлкөнүн илимий борборлорунун, жогорку окуу жайларынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.
"Конференциянын катышуучулары көчмөн цивилизацияларын изилдөөнүн актуалдуу маселелерин, алардын тарыхый жана маданий мурастарын, философиясын, каада-салттарын жана баалуулуктарын, ошондой эле номадологияны жана дисциплиналар аралык изилдөөлөрдү өнүктүрүүнүн заманбап ыкмаларын талкуулашат", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, конференциянын ачылышы 3-сентябрда Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылындагы Курманжан датка атындагы Көчмөн цивилизациясы борборунда өтөт.