Ысык-Көл облусунда эркектердин ден соолугуна арналган айлык башталды

Ден соолук 5 февраль 2025 11:54
Ысык-Көл облусунда эркектердин ден соолугуна арналган айлык башталды

Бишкек, 05.02.25. /Кабар/. Бүгүн, 5-февралдан тартып Ысык-Көл облусунда бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда (ҮДТ) «Жоопкерчиликтүү бол!» урааны алдында эркектердин ден соолугун чыңдоого багытталган айлык башталды.

Белгилей кетсек, бул иш-чара Саламаттык сактоо министрлигинин 2022-жылдын 20-декабрындагы №1479 буйругуна ылайык уюштурулууда.

Максаты – эркектерди алдын ала медициналык текшерүүдөн өткөрүп, оорулардын эрте аныкталышын камсыз кылуу.

- ҮДТ дарыгерлери БЕКЕР текшерүү жүргүзүшөт:

- Гипертония;

- Жүрөк-кан тамыр оорулары;

- Шекер диабети;

- Толук маалыматты жакынкы ҮДТдөн алсаңыз болот.