Президент жана дүйнөлүк интеллигенция Айтматовдун идеяларын талкуулоодо

Коом Загрузка... 19 Июнь 2026 15:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Кыргызстанда юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форуму өз ишин улантууда.

Бишкекте чет элдик коноктор Чыңгыз Айтматовдун атактуу "Ак кеме" чыгармасынын урматына аталган жаңы "Ак-Кеме" мейманканасына жайгаштырылды. Эртең менен чет өлкөлүк жана жергиликтүү катышуучулар "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине барып, улуу жазуучунун элесине багыштап куран окушуп, реквием өттү.

Комплекстеги экскурсиядан соң катышуучулар чартердик каттам менен Ысык-Көлгө жөнөп кетишти. "Рух Ордо" маданий-тарыхый борборунда форумдун расмий ачылышы орун алды. Иш-чара форумдун тарыхын, анын гуманисттик ролун жана заманбап Кыргызстандын жетишкендиктерин чагылдырган видеосерепти көрсөтүү менен башталды.

Расмий ачылыш аземи президент Садыр Жапаровдун куттуктоо сөзү менен ачылды. Өз сөзүндө мамлекет башчысы Чыңгыз Айтматовдун гуманисттик идеяларынын актуалдуулугун жана форумдун заманбап коомдун саясат, экология, адеп-ахлактык тарбия маселелерин талкуулоочу аянтча катары маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Форумдун модератору, мамлекеттик катчы Арслан Койчиев мааракелик иш-чаранын катышуучуларына куттуктоо сөзүн сүйлөө үчүн ардактуу конок катары Албаниянын президенти Байрам Бегайды чакырды. Андан соң Казакстан, Россия жана Түркиянын делегация башчылары өз өлкөлөрүнүн президенттеринин куттуктоо каттарын окушту. Анда форумдун жана Кыргызстандын интеллектуалдык диалог менен дипломатиянын аянтчасы катарындагы ролу баса белгиленди.

Форумдун иши БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравенин, Түрк мамлекеттери уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевдин, ICESCOнун башкы директору Салим Бин Мухаммед Аль-Маликтин жана ЮНЕСКОнун Алматыдагы жана чөлкөмдөгү директору Амир Пиричтин чыгуулары менен уланды.

18-июндагы программанын алкагында биринчи пленардык сессия өтүп, анда Кытай, Улуу Британия, Россия жана Кыргызстандын өкүлдөрү чыгып сөз сүйлөштү:

  • Чжан Хунсэнь — КЭР Жазуучулар союзунун төрагасы;
  • Питер Франкопан — Оксфорд университетинин профессору (Улуу Британия);
  • Василий Церетели — сүрөтчү, Россия көркөм сүрөт академиясынын президенти (Россия);
  • Осмонакун Ибраимов — Улуттук илимдер академиясынын академиги, жазуучу жана коомдук ишмер.

Сөз сүйлөгөндөрдүн ар бири Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк гуманизмдин устаты катары гениалдуулугун жана форумдун тынчтык, коопсуздук жана жаратуучулук жолундагы эл аралык натыйжалуу диалогдун ордосу катары ролун өзгөчө белгилешти.

Форум өз ишин 19-июндан 21-июнга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде улантат.