Ысык-Көл эл аралык форуму жыйынтыкталып, иш-чара 4 жылда бир өткөрүлмөй болду

Коом 611 20 Июнь 2026 15:40
725291790_2205332306954378_594037927489000120_n.jpg
725640976_1776031350477559_6545338181722501588_n.jpg
725663985_1040026601925189_8077004552916959162_n.jpg
725678126_4509962862583774_4229647156186777812_n.jpg
725838321_1479546086792021_492490840735647397_n.jpg
726307720_1236818406172186_3389016646591936511_n.jpg
727393943_2256962358453647_1824463509994211913_n.jpg
727773616_869167089072617_8985913147874690346_n.jpg
728255272_949853161435541_2434763030960155983_n.jpg
728555907_28337370789186741_396689683369002356_n.jpg
728598431_2215203282631624_5402705655559950414_n.jpg
728618782_941694362232625_8327181117148896552_n.jpg
725798007_1495441138263039_7296595121769230289_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 20.06.26. /Кабар/. Бүгүн, 20-июнда Чолпон-Ата шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл эл аралык форуму жыйынтыкталып, резолюция кабыл алынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, форумдун ишине дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген көрүнүктүү окумуштуулар, жазуучулар, коомдук жана саясий ишмерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышып, бүгүнкү күндүн глобалдык чакырыктары, гуманизм, тынчтык, экологиялык коопсуздук жана маданияттар аралык диалог маселелерин талкуулашты.

Кабыл алынган резолюцияда азыркы дүйнөдө күчөп жаткан геосаясий чыңалуулар, куралдуу кагылышуулар, климаттык өзгөрүүлөр, социалдык-экономикалык теңсиздик жана технологиялык трансформациялар адамзаттын алдында жаңы милдеттерди жаратып жаткандыгы белгиленди.

Документте Чыңгыз Айтматовдун гуманисттик идеяларын жана Ысык-Көл форумунун интеллектуалдык мурасын өнүктүрүүгө багытталган бир катар демилгелер камтылган. Алардын катарында эл аралык диалогду бекемдөө, тынчтыкты жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоо, айлана-чөйрөнү коргоо, тоо экосистемаларын жана мөңгүлөрдү сактоо, жаш окумуштууларды колдоо, ошондой эле форумдун ишмердүүлүгүн туруктуу негизде улантуу боюнча сунуштар бар.

Резолюцияга ылайык, Ысык-Көл форумун төрт жылда бир жолу Кыргызстанда өткөрүү, анын ишин координациялоо үчүн Бишкек шаарында Туруктуу координациялык кеңеш (катчылык) түзүү жана форумдун эл аралык аброюн жогорулатууга багытталган демилгелерди илгерилетүү сунушталды.

Форумдун катышуучулары резолюцияда камтылган сунуштарды жана демилгелерди эл аралык уюмдарга жолдоп, алардын кеңири колдоосуна жетишүү зарылдыгын белгилешти.

Белгилей кетсек, Чыңгыз Айтматовдун демилгеси менен негизделген Ысык-Көл форуму 1986-жылы дүйнөнүн белгилүү ойчулдарын жана коомдук ишмерлерин бириктирген эл аралык интеллектуалдык аянтча катары түзүлгөн. Быйыл форум өзүнүн 40 жылдык мааракесин белгилеп жатат.