"Азаттык" аккаунтунун ээси Тик Ток аркылуу пара талап кылган деген шек менен кармалды

Коом Загрузка... 04 Март 2025 20:00
image_uv0UKCo.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. Ысык-Ата районунда Tik Tok социалдык тармагындагы "Азаттык" аккаунтунун ээси опузалап акча талап кылган деген шек менен кармалды.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, 2025-жылдын 4-февралында РИИБге А.А. аттуу 1997-жылы туулган жаран 2024-жылдын 20-декабрынан баштап ушул убакка чейин өздүк баракчасына анын жеке сүрөттөрүн жарыялап, аброюна шек келтирген "Азаттык" аккаунтунун ээсине чара көрүү боюнча арыз менен кайрылган. Мындан тышкары, ал постторду алып салуу үчүн акча талап кылганын айткан.

Аталган факт РИИБге катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Бүгүн, 4-мартта Ысык-Ата РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө жана атайын иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн өздүгү такталып, 1992-жылы туулган К.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө иштери уланууда.

«Эгерде сиз К.А.нын кылмыштуу аракеттеринен жапа чеккен болсоңуз, анда РИИБге же 0312 61-69-07 телефону боюнча нөөмөт бөлүмүнө кайрылыңыз», - деп айтылат маалыматта.