Бишкек, 03.08.26. /Кабар/. Социалдык тармактарда Кыргызстандын жарандарына президент Садыр Жапаровдун атынан Эгемендүүлүк күнүнө карата 5 миң сомдон акчалай жардам берилери тууралуу тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, мындай маалыматтар мамлекет башчысынын атын пайдаланып, жарандардын ишениминен пайда көрүүнү көздөгөн адамдар тарабынан таратылууда.
”Мамлекет башчысынын атынан мындай төлөмдөр жарыяланган эмес. Тексти коштогон шилтеме расмий мамлекеттик ресурс болуп саналбайт”, — деп белгиледи Алагөзов.
Ал белгилегендей, аталган ресурс боюнча учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан иштер жүргүзүлүүдө.
Президенттин басма сөз катчысы жарандарды жалган маалыматтарга ишенбөөгө, ошондой эле белгисиз жана күмөндүү шилтемелер аркылуу жеке маалыматтарын киргизбөөгө чакырды.
Буга чейин да социалдык тармактарда Эгемендүүлүк күнүнө карата 5 миң сом өлчөмүндө бир жолку төлөм берилери тууралуу жалган маалымат тараганы кабарланган.