Бишкек, 13.03.26. /Кабар/. Фейк аккаунттар менен каралагандар кармалып, мыйзам чегинде чаралар көрүлөт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мамлекетти жана жогорку кызмат адамдарын жамандаган фактылар боюнча иштер алып барылууда.
“Кечээ кармалган аял дагы эки аккаунт ачып алып, мамлекетти каралап, жамандаган. Бул факты боюнча аны кылмыш жообуна тартабыз. Ар бир жарандын кайрылуусу боюнча иш-чараларды жүргүзөбүз. Аккаунттарды ачып алып жамандап жаткан болсо, алардын үстүнөн мыйзамдуу чаралар көрүлөт”, - деди ал.