Мектептердеги "клубничный квик" баңгизаты тууралуу маалымат жалган - ИИМ

Коом Загрузка... 04 Март 2025 20:08
482275251_1029318662550468_4760893778520621689_n.jpg
copyright icon Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 04.03.25. /Кабар/. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы WhatsApp мессенджеринде мектептерде «клубничный квик» аттуу жаңы баңгизаты таркатылып жаткандыгы тууралуу маалымат жалган экендигин билдирет.

Ведомстводон билдиришкендей, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жарандарды сабырдуулукка жана такталбаган билдирүүлөрдү таратуудан алыс болууга чакырат. Ишенимдүү маалымат алуу үчүн расмий булактарга гана кайрылууну сунуштайбыз.

"Маалыматтарды таратууда сак жана жоопкерчиликтүү болуңуз",-деп айтылат билдирүүдө.