Бишкек, 22.06.26. /Кабар/. Ысык-Ата районундагы мектепке чейинки билим берүү мекемесинде иштебеген кызматкерлерге мыйзамсыз маяна төлөө фактысы боюнча кылмыш иши козголду.
Башкы прокуратурадан билдиришкендей, райондук прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ак-Кудук айыл аймагында жайгашкан "Бала-Кербен" атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзам бузуулар аныкталган.
"Аталган бала бакчанын жетекчилиги 2024-жылдан бери жумуш убактысын эсепке алуу документтерине жана маяна тизмелерине иш жүзүндө иштебеген 6 адамды жалган түрдө киргизип келишкен. Аларга эмгек акы эсептеп, олуттуу өлчөмдөгү акча каражатын өздөрүнө ыйгарып алышкандыгы такталды", — деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш иши козголду.
Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.