Бишкек, 23.10.26. /Кабар/. УКМК Мамлекеттик бажы кызматы менен биргеликте т Түштүк-Чыгыш Азиядан Кыргызстанга ири өлчөмдөгү марихуана баңгизатын жеткирүүгө тиешеси бар уюшкан эл аралык баңгитоптун ишмердүүлүгүнө бөгөт койду.
УКМКдан билдиришкендей, Кыргыз Республикасынын жарандарынан түзүлгөн, өлкө аймагында баңгизаттарды ташуу, сактоо жана таратуу менен алектенген туруктуу баңгитоптун ишмердүүлүгү бетин ачты.
Мындан тышкары, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында баңгизаттарды, анын ичинде синтетикалык баңгизаттарды сатуу менен алектенген бир нече трансулуттук баңгитоптордун ишмердүүлүгү аныкталып, аларга бөгөт коюлду.
Тактап айтканда, жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы наркы 15 миллион сомдон ашкан баңгизаттар (мефедрон деген синтетикалык баңгизат, гашиш жана марихуана) алынды. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар деген шек менен Кыргыз Республикасынын төрт жараны кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.
"Учурда кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого жана жасалган кылмыштардын бардык жагдайларын тактоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда",-деп айтылат маалыматта.