Таласта дренаж системасын туура эмес курган ишкана айыпка жыгылды

Укук тартиби

Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 13.11.26 /Кабар/. Талас шаарындагы Тагайбаев көчөсүндө курулуп жаткан жабык дренаж системасынын объектисине текшерүү жүргүзүлүп, курулуш ченемдери бузулганы аныкталгандыктан, "Баткен көчмө механизацияланган отряды" мамлекеттик ишканасына 200 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, текшерүү Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Талас региондук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн. Текшерүү учурунда шаар куруу документтери, техникалык регламенттер жана курулуш эрежелери сакталбагандыгы аныкталган.

Жыйынтыгында тиешелүү акт түзүлүп, мыйзам бузууларды жоюу боюнча эскертүү берилди жана ишканага 200 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды.