Мыйзамсыз алтын казуу: Чаткалда аким баштаган 4 адам кармалды

Укук тартиби
Мыйзамсыз алтын казуу: Чаткалда аким баштаган 4 адам кармалды
copyright icon WWW

Бишкек, 16.11.26. /Кабар/. Чаткал районунда кызмат адамдарынын калкалоосу астында алтынды мыйзамсыз казып алуу схемасы аныкталды.

ИИМдин маалыматына караганда, бул ишке байланыштуу район акими жана милиция бөлүмүнүн башчысы баштаган төрт адам кармалды.

"2026-жылдын ноябрь айынын башынан тартып адамдардын тобу Куру-Тегерек тилкесинде тиешелүү лицензиясы жана уруксат документтери жок чачыранды алтын казып, аны мыйзамсыз сатып келген", - деп айтылат маалыматта.

Тергөөнүн версиясы боюнча, мыйзамсыз ишмердүүлүктөн түшкөн акчанын бир бөлүгү схеманы калкалоо үчүн район акиминин жана райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын атына акча которуу системалары аркылуу жөнөтүлүп турган.

Кармалгандардын арасында Чаткал районунун акими С.А., райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Т.Т. жана дагы эки жаран бар. Алар камакка алынды.

Учурда тергөө иштери уланууда. Мыйзамсыз алтынды сатуу каналдары, акча каражаттарынын кыймылы жана схемага тиешеси бар башка адамдар аныкталууда.