Бишкек, 21.10.26. /Кабар/. Бишкектин Курчатов көчөсү 46 дарегинде жайгашкан курулуш объектисине текшерүү жүргүзүлдү.
Курулуш министрлигинен билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө жер алдындагы унаа токтотуучу жайдын тирөөч дубалын курууда курулуш аянтчасынын периметри боюнча орнотулган коргоочу тосмолор алынганы аныкталды.
Бул жагдай курулуш объектисине жакын жайгашкан аймактагы тургундардын, анын ичинде балдардын коопсуздугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.
Аныкталган кемчиликтерди жоюу максатында “КыргызКыганат” ЖЧКсына үч күндүк мөөнөттө курулуш аянтчасынын периметрин талаптагыдай тосуу, жарыктандыруу жана коргоочу түзүлүштөрдү орнотуу боюнча жазуу түрүндө эскертүү берилди.