Ысык-Ата-2 ГЭСи жогорку өндүрүмдүүлүктү көрсөтүүдө

Коом Загрузка... 10 Февраль 2026 16:22
copyright icon Артем Новиковдун социалдык тармактагы баракчасынан

Бишкек, 10.02.26. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылган Ысык-Ата-2 чакан ГЭСи туруктуу жана жогорку өндүрүмдүүлүктү көрсөтүүдө. Бул тууралуу фонддун төрагасы Артем Новиков билдирди.

Ал бүгүн объекттин пайдаланууга берилиши жана электр энергиясын иштеп чыгуунун иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрү менен таанышканын айтты. Долбоор Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын бекемдөө жана ички суроо-талапты жабуу үчүн генерациялоочу кубаттуулуктарды жогорулатуу стратегиясынын алкагында каржыланган.

"Бир жылга созулган курулуш иштеринен кийин өткөн жылдын 31-августунда кубаттуулугу 4 МВт болгон аталган ГЭС ишке берилген. Электр энергиясын иштеп чыгуунун жалпы көлөмү жылына 27 млн кВтты түзөт жана ал учурда өлкөнүн электр тармактарына берилүүдө. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашырууга салым кошуп, энергетика тармагын колдоо боюнча долбоорлорду системалуу түрдө ишке ашырып келет", - деди ал.

Белгилей кетсек, Ысык-Ата-2 ГЭСин каржылоо боюнча 409 миң доллар суммасындагы келишим 2024-жылдын октябрь айында өнөктөш банк — "О!Банк" аркылуу ишке ашырылган. 2025-жылдын алгачкы төрт айында станция 14 млн кВт/сааттан ашык электр энергиясын иштеп чыгып, Ысык-Ата жана чектеш райондордун керектөөчүлөрүн туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууда.