Кыргызстанда стратегиялык маанидеги ири долбоорлор ишке ашууда – Сабиров

Экономика
Кыргызстанда стратегиялык маанидеги ири долбоорлор ишке ашууда – Сабиров

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 19.10.26 /Кабар/. Кыргызстанда транспорт, энергетика, туризм жана инвестиция тартуу багыттарында Борбордук Азия үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон ири долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын катарында Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу, Камбар-Ата-1 ГЭСи, CASA-1000 долбоору, “Асман Сити” жана “Ала-Тоо Резорт” туристтик комплекси бар. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоорлор өлкөнүн транспорттук байланыштарын кеңейтүүгө, энергетикалык мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоого, туризмди өнүктүрүүгө жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга багытталган.

“Маселен, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу Азия менен Европанын ортосундагы транспорттук байланышты кеңейтүүгө өбөлгө түзсө, Камбар-Ата-1 ГЭСи жана CASA-1000 долбоору энергетика тармагындагы кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

Ошондой эле экологиялык жактан таза “Асман Сити” шаарын куруу жана “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа кластерин өнүктүрүү боюнча иштер жүрүп жатат. Ал эми “Тамчы” атайын финансылык-инвестициялык аймагын түзүү эл аралык капиталды тартууга жана инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды камсыздоого багытталган”,-деди агенттиктин башчысы.

Сабиров белгилегендей, Кыргызстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу менен катар өлкөнүн эл аралык аброюн чыңдоого да көңүл бурулууда. Бул багытта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын өткөрүлүшү, Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешине шайланышы жана өлкөнүн Европа биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен” чыгарылышы маанилүү окуялардын катарында белгиленди.

Мындан тышкары, 2026-жылдын башынан бери жалпы суммасы 3 млрд долларды түзгөн 29 инвестициялык макулдашууга кол коюлду.