“Ынтымак” турак жай комплексинде 18, 24 кабаттан турган 48 үй курулат

Коом Загрузка... 25 Сентябрь 2025 18:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. “Ынтымак” турак жай комплексинде 18, 24 кабаттан турган 48 көп кабаттуу үй курулат.

Алар “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында ишке ашырылат. Курулуш иштери төрт этаптан турат.

“Ынтымак” турак жай комплексинде 6 970 батирдин жалпы аянты 603 534 чарчы метр. Ал эми унаа токтотуучу жайлардын саны 3 852, коммерциялык жайлардын аянты 32 606 чарчы метр.

Белгилей кетсек, учурда мамлекеттик турак жай программасы боюнча Кыргызстандын жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында 925 даана көп кабаттуу үй курулууда, андагы батирлердин жалпы аянты 4 млн чарчы метрди түзөт.

Белгилей кетсек, б министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Бишкек шаарында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому тарабынан курулуп жаткан “Ынтымак” турак жай комплексинен кабар алды.