Минкаб төрагасы Бишкектеги ипотекалык үйлөрдүн курулушунан кабар алды

Министрлер кабинети 25 Сентябрь 2025 17:35
68d5203da15c9-thumb.jpeg
68d5203c7eec0-thumb.jpeg
68d5203c7d33f-thumb.jpeg
68d5203ca6e82-thumb.jpeg
68d5203cccc9d-thumb.jpeg
68d5203d3b22b-thumb.jpeg
68d5203d73b96-thumb.jpeg
68d5203d86f99-thumb.jpeg
68d5203d01003-thumb.jpeg
68d5203d62944-thumb.jpeg
68d5203e13cf8-thumb.jpeg
68d5203e1259b-thumb.jpeg
68d5203bbd632-thumb.jpeg
68d5203bbd641-thumb.jpeg
68d5203c3eaee-thumb.jpeg
68d5203c16d38-thumb.jpeg
68d5203c33ce0-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
68d5203da15c9-thumb.jpeg
68d5203c7eec0-thumb.jpeg
68d5203c7d33f-thumb.jpeg
68d5203ca6e82-thumb.jpeg
68d5203cccc9d-thumb.jpeg
68d5203d3b22b-thumb.jpeg
68d5203d73b96-thumb.jpeg
68d5203d86f99-thumb.jpeg
68d5203d01003-thumb.jpeg
68d5203d62944-thumb.jpeg
68d5203e13cf8-thumb.jpeg
68d5203e1259b-thumb.jpeg
68d5203bbd632-thumb.jpeg
68d5203bbd641-thumb.jpeg
68d5203c3eaee-thumb.jpeg
68d5203c16d38-thumb.jpeg
68d5203c33ce0-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 25.09.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарында “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому тарабынан курулуп жаткан “Ынтымак” турак жай комплексинен кабар алды. 

Анда президенттин Иш башкармалыгынын жетекчиси, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы тарабынан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге курулуш иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берилди. 

Белгилүү болгондой, Кыргызстандын “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан бул “Ынтымак” турак жай комплексинде 18, 24 кабаттан турган 48 көп кабаттуу үй курулат. Андагы 6 970 батирдин жалпы аянты 603 534 чарчы метр. Ал эми, унаа токтотуучу жайлардын саны 3 852, коммерциялык жайлардын аянты 32 606 чарчы метр. Курулуш иштери төрт этаптан турат. 

Курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алган минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев, көп кабаттуу үйлөрдү куруу иштери өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылып жатканын, калк жыш жайгашкан жайларда, ири шаарларда жана райондордо жүргүзүлүп жатканын билдирди. Ал ошондой эле, мындай иштер үй алууга кезекке турган Кыргызстандын жарандарынын суроо-талаптарын канааттандыруу максатында жүргүзүлүп жатканын айтып, курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тапшырды. 

Кошумчалай кетсек, учурда мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандын жарандарын жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу максатында 925 даана көп кабаттуу үй курулууда, андагы батирлердин жалпы аянты 4 млн чарчы метр.