Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай улуттук спорт түрлөрү аркылуу оюндардын спорттук программасын тааныткан “Мурас-Кыймылда” аттуу атайын видеотасмалар сериясы сунушталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эл аралык катчылыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, үч видеоролик көчмөн элдердин кылымдар бою жашоо-турмушунун ажырагыс бөлүгү болуп келген жана улуттук спорт түрлөрүндө чагылдырылган үч негизги сапатты: тактык, ылдамдык жана күчтү баяндайт.
“Ылдамдык” аттуу видеороликте тыйын эңмөй, көк бөрү, ат чабыш жана эр эңиш көрсөтүлөт. Булар чабандестин чеберчилигин, чечимди ыкчам кабыл алуу жөндөмүн жана адам менен аттын кылымдарды карыткан байланышын даңазалаган ат үстүндөгү мелдештер болуп саналат.