Бишкек, 24.11.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрына карата жалпы суммасы 63 млн 550 миң сомго 112 “Ылдам” кепилдиги берилди. Бул тууралуу “Кепилдик фонд” ААК башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, бул ишкерлерге 294 млн 617 миң сом өлчөмүндө насыялык каржылоо алууга мүмкүнчүлүк түздү.
“Негизи “Ылдам” кепилдик продуктусу чакан жана орто бизнес үчүн жетишсиз күрөөгө байланышкан тоскоолдуктарды жоюп, насыя алуу процессин жөнөкөйлөтүүгө жана тездетүүгө багытталган. “Ылдам” боюнча алгачкы кепилдик ушул жылдын 25-мартында 1,06 млн сом өлчөмүндө берилген. Алгачкылардан болуп бул кепилдик менен Жалал-Абад облусунун ишкери транспорт кызматтарын өнүктүрүү үчүн “Азия Банкынан” 4 млн сом өлчөмүндө насыя алган”,- деди Малик-Айдар Абакиров.
Маалымдалгандай, “Ылдам” кепилдигин төмөнкүлөр ала алат:
- Ачык офертанын шарттары менен макулдук - арызга кол койгон “Кепилдик фонддун” өнөктөштөрү.
- Төмөнкү тармактарда 6 айдан кем эмес иш жүргүзгөн жеке ишкерлер жана юридикалык жактар:
- айыл чарба
- агроөндүрүмдөрдү кайра иштетүү
- өнөр жай
- туризм
- башка приоритеттүү тармактар.
Белгилей кетсек, “Кепилдик фонд” ААКсы 2025-жылдын март айында ишкерлер үчүн насыя алуу процесстерин ылдамдаткан бул жаңы “Ылдам” кепилдик продуктусун ишке киргизген.